Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:44

Бишкекте ак калпакты коргоо акциясы өтөт


Көргөзмөнүн көрүнүшү.
Көргөзмөнүн көрүнүшү.

“Бишкек-парк" соода борборунун алдында боло турган тынчык акцияны ак калпакты коргоо боюнча активисттер уюштуруп жатышат. Алар муну менен калпак улуттук баш кийим жана маданий баалуулук экенин элге жеткирүүгө аракет кылып жатышканын билдиришти. Ошондой эле итке калпак кийгизгендерди жоопко тартууну талап кылышаарын маалымдашты.

Өткөн аптада Интернетте итке калпак кийгизилгени тартылган сүрөт тараган. Ал “Бишкек-Парк” соода борборунда өткөн “Dog’s Fashion Show 2018” аттуу иттердин мода көргөзмөсүндө тартылганы ачыкка чыккан. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары мындай көрүнүштү сынга алышкан эле. Уюштуруучулар катышуучулардын костюмдарына жооп бербей турганын айтып, “бул жөн гана сынак” деген жооп кайтарышкан.

Жаныбарга калпак кийгизгендерди жазалоо талабы 28-декабрда парламентте айрым депутаттар тарабынан да коюлуп, президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев буга баа берилерин айткан. (NT)

XS
SM
MD
LG