Кыргызстанда он жети медиа жана эл аралык уюм соттун чечими менен доого жыгылган журналисттерге каражат топтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын журналисттеринин эркин биримдиги билдирди. Маалыматка караганда, "Zanoza.kg" сайтына, журналисттер Нарынбек Идиновго (Нарын Айып), Дина Масловага жана башкаларга жардам берүү боюнча акциянын мөөнөтү чектелбейт.
Бүгүн "Cөз эркиндигин коргоо комитети” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Адил Турдукулов Жогорку соттун алдына чыгып, доого жыгылгандарга жардам иретинде судьялардан акча чогултууну көздөп жатат. Ал кечээ Интернет аркылуу видеокайрылуу жасап, сөз эркиндигине кайдыгер эмес жарандарды Жогорку соттун имаратына келүүгө чакырган. Турдукулов "бир топ медиа мыйзамсыз чечимдер менен 40 миллиондой айыпка жыгылганы туура эмес экенин судьялар да сезиши керек" деп билдирген.
Башкы прокурордун мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, “Zanoza.kg” сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу соттун чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15, Нарын Айып 9, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттүү болгон. Ушундай эле өңүттөгү кине менен “Адилет” укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова 3 миллион сом, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган. Андан тышкары, “24.kg” агенттиги менен журналист Кабай Карабеков “азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине далилсиз маалыматтарды таратты” деп, 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. (NT)