Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

Путин Санкт-Петербургдагы жардырууну "теракт" деп атады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Санкт-Петербургдагы жардырууну "теракт" деп атады. Бул тууралуу Путин 28-декабрда Сириядагы операцияга катышкан аскерлерге сыйлык тапшырып жатып билдирди.

- Силер билесиңер, кечээ Санкт-Петербургда террордук акт болду. Жакында эле Федералдык коопсуздук кызматы дагы бир террордук чабуулдун алдын алды. Азыр эле мен сөз кылган жүздөгөн же миңдеген адамдар Сириядан дыкат даярдыктан өтүп биздин өлкөгө келсе эмне болот?

Шаршембиде Санкт-Петербургдун Калинин аянтындагы «Перекресток» дүкөнүнүн кампасында жардыруу болуп, 13 киши жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG