Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:32

Навальный БШКнын үстүнөн Жогорку Сотко даттанды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный БШКнын шайлоого уруксат бербей койгон чечиминин үстүнөн Жогорку Сотко кайрылды. Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи Иван Ждановдун айтымында, саясатчынын арызы 30-декабрда каралат.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда "Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт" деген чечим чыгарган.

Өзүнө каршы сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар экенин айткан саясатчы бул чечимге жооп катары шайлоого бойкот жарыялоого тарапкерлерин чакырган. Кремл болсо анын чакырыгына укуктук баа берилиши керектигин билдирген.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында болот. Шайлоого катышуу үчүн азыркы президент Владимир Путиндин талапкерлиги расмий көрсөтүлгөн.

Саясий жарышта ат салышуу ниетин теле алып баруучу Ксения Собчак, президенттин ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүлү Борис Титов, Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, “Яблока” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский билдирген.

XS
SM
MD
LG