Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Абдылдаев: Илмияновдун элчи болорунан кабарым жок


Икрамжан Илмиянов.
Икрамжан Илмиянов.

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, "Икрамжан Илмиянов Малайзияга элчи болот" деген сөздөрдөн кабары жок экенин билдирди.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары "экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы айдоочусу Икрамжан Илмиянов Малайзияга элчи болорун" жазышкан. Учурда ал өлкөдөгү элчинин кызмат орду бош. Мурдагы элчи Кылычбек Султанов Түштүк Кореяга элчи болуп кызмат которгон.

Илмиянов убагында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке айдоочусу болгон. Атамбаевдин убагында Илмиянов президенттик аппаратттын жетекекчисинин орун басары, президенттин кеңешчиси болуп иштеген. Учурда ал Кыргызстандын көкбөрү федерациясын жетектейт. (UEz)

XS
SM
MD
LG