Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:02

Ала-Бука: катуу шамалдан 500дөн ашык үйдүн чатыры бузулду


Ала-Бука.
Ала-Бука.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы 1-Май, Көк-Серек, Көк-Таш айыл өкмөттөрүндө кечээ болгон катуу шамалдан улам 530дан ашык турак жайдын, 17 социалдык мекеменин чатыры бузулган. Бул тууралуу райондун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.

Учурда жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иштеп жатат. Баштапкы эсеп боюнча болжолдуу чыгым 6 млн. сомго чыкты. Бак-дарактар жыгылып, эки айыл өкмөттө бир суткадан, бир айыл аймакта эки суткадан бери жарык жок. ӨКМ адистеринин айтымында, 28-декабрда бул жакта секундасына 20-35 метрге жеткен катуу шамал болгон. (RsK)

XS
SM
MD
LG