Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:44

Өзбекстан менен автобус каттамын калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Бул тууралуу өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди. Анын айтуусунда азыр Ош-Кокон, Ош-Фергана, Ош-Анжиян, Жалал-Абад, Кызыл-Кыяга автобустардын байланышын калыбына келтирүү маселеси 25-декабрда кыргыз делегациясынын Ташкенттеги сапарында жандуу талкууланды.

Темирбаев келерки жылы жазга жуук Ташкент-Бишкек-Балыкчы темир жол каттамы ачыла турганын кошумчалады.

- Макулдашууга ылайык жумасына бир жолу Ташкент-Балыкчы багыты боюнча Өзбекстан темир жолунун поезди каттай баштайт, - деди ал. 

23-декабрдан тартып “Air Manas” компаниясы жумасына эки жолу Бишкек-Ташкент багыты боюнча учак жибере баштады. Ошондой эле бул күнү Ош-Ташкент багыты боюнча учак каттай башталды. (SDz)

 

XS
SM
MD
LG