Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:09

24 киши жан берген Аюу-Сайдан 40 үй-бүлө көчпөй жатат


Аюу-Сай. 2-май, 2017-жыл.
Аюу-Сай. 2-май, 2017-жыл.

Жер көчкү түшүп, 24 адамдын өмүрүн алган Өзгөндүн Аюу-Сай айылынан 40 үй-бүлө көчпөй жатат. Бул тууралуу Зергер айыл өкмөтүнүн башчысы Динмухаммед Бокошев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, район жетекчилиги кооптуу аймактардан мажбурлап көчүрүү боюнча сотко кайрылат.

- Эл арасында "кооптуу аймактан такыр көчпөйбүз" дегендер бар. Биз аларды мажбурлап көчүрүү боюнча сотко документтерди даярдап жатабыз, - деди Бокошев. Ал Өзгөн районунда кооптуу аймактарда жашаган 700дөн ашык үй-бүлө бар экенин кошумчалады.

2017-жылдын 29-апрелинде Өзгөн районундагы Аюу-Сай айылында жети үйдү жер көчкү басып калган. Көчкүнүн алдында калган алты үйдөн 24 киши каза болгон. Алардын тогузу жаш балдар болчу. (KE/UEz)

XS
SM
MD
LG