Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:04

"Facebook" Кадыровдун барагы эмне үчүн жабылганын түшүндүрдү


Рамзан Кадыров.
Рамзан Кадыров.

"Facebook" чечен лидери Рамзан Кадыровдун бул социалдык түйүндөгү барагы АКШ өкмөтүнүн санкцияларынан улам жабылганын билдирди. Компания 28-декабрда жарыялаган билдирүүсүндө санкциялар Кадыровдун "Фейсбуктагы" жана "Инстаграмдагы" барагын жабыш үчүн "мыйзамдуу милдеттенме" экенин белгиледи.

20-декабрда АКШ Кадыровду "Магнитский мыйзамынын" негизинде түзүлгөн санкциялык тизмеге кошкон. Ал Орусиянын курамындагы Чеченстанда адам укуктарын бузганы үчүн айыпталган. Кремл болсо Кадыровго каршы санкцияны “мыйзамсыз” деп атаган.

"Facebook" санкцияга кабылган башка адамдардын барактарын жабар-жаппасы азырынча белгисиз. Жаза чаралары "Магнитский" мыйзамынын алкагында жалпысынан 52 адамга жана компанияларга киргизилген.

XS
SM
MD
LG