Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:49

Нью-Йорктогу өрттөн 12 адам көз жумду


Нью-Йорктогу өрттөнгөн үй.
Нью-Йорктогу өрттөнгөн үй.

Нью-Йорктун Бронкс районундагы көп кабаттуу үйдө 28-декабрдын кечинде өрт чыгып, андан кеминде 12 киши каза тапты. Алардын арасында ымыркай да бар экенин шаардын мэри Билл Де Блазио билдирип, бул кырсык Нью-Йоркто соңку 25 жыл ичиндеги эң жаман өрт болгонун айтты.

Өрт алгач Проспект авеньюсундагы үйдүн биринчи кабатында башталып, тез эле үчүнчү кабатка өткөн. Ага эмне себеп болгону белгисиз.

АКШнын маалымат каражаттары кабарлагандай, өрттөн сактаныш үчүн суу толтурулган ваннага баш калкалаган эки кишинин өлүгүн өрт өчүрүүчүлөр табышкан. Шаар мэри каза тапкандар 1 жаштан 50 жашка чейинки куракта болгонун айтты.

XS
SM
MD
LG