Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Канатбек Исаевдин сотунда жарыш сөз уланууда


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаевге жана аны менен кошо дагы алты кишиге каршы козголгон кылмыш ишин кароо уланып жатат.

Соттолуучулар жана алардын адвокаттары кезеги менен жарыш сөзүн айтып жатышат. Алар баары тең прокуратура коюп жаткан айыптар негизсиз экенин, тергөөдө да, соттук териштирүүдө да жетиштүү далил келтирилбегенин айтып, соттолуучуларды толук актоону соттон суранып жатышат.

Исаев өзү бүгүн жарыш сөзгө даяр эмес экенин айтып, соттон дагы кошумча убакыт берүүнү суранды:

- Адвокаттар кечээ мага кошумча маалыматтарды алып келишкен экен, бирок кире албай коюшуптур. Суроо-жооп болгондо мен бир топ фальсификацияларды айтып чыктым эле. Тилекке каршы, прокурорлор кайра ошонун бир тобун, болгондо да бурмалоо менен кайталашты. Ошондуктан алардын сөзүн алып, ошого жараша бир аз карап чыгып, адвокат Дастан уулу Улан айткан жаңылыктарды да кошуп, анан даяр болом. Бүгүн даяр эмесмин.

УКМК Канатбек Исаевди 2008-2010-жылдары "Токмок шаарынын мэри болуп иштеп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон.

26-декабрда жарыш сөзгө чыккан прокурорлор Исаевди 20 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн.

Депутат Исаев мындан тышкары "мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга аракет кылган" деп да айыпталып жатат. Быйыл президенттик шайлоо алдында ал атайын кызматтын тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө аяктай элек. (RK)

XS
SM
MD
LG