Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Египет: чиркөөдөгү чабуулдан кеминде 10 киши мерт болду


Хелуандагы чабуул. 29-декабрь, 2017-жыл.
Хелуандагы чабуул. 29-декабрь, 2017-жыл.

Египеттин баш калаасына жакын Хелуан шаарчасында копт христиандарынын чиркөөсүнө чабуул коюлуп, андан кеминде он киши мерт болду. Кол салган бир киши чиркөөгө кире берерде өлтүрүлгөнүн Саламаттык сактоо министрлиги ырастады.

Египеттин мамлекеттик телеканалы чабуулга катышкан экинчи адам окуя болгон жерден качып кетип, бирок көп өтпөй колго түшкөнүн кабарлады.

Алар чиркөөнүн жанында беш полициячыны атып жарадар кылып, туш келди ок чыгара башташкан. Азырынча кылмышка эч ким жоопкерчилик ала элек. Бирок өзүн "Ислам мамлекети" атаган топ буга чейин копт христиандарына каршы бир нече теракт уюштурган.

XS
SM
MD
LG