Линктер

дүйшөмбү, 15-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 16:49

Ирандагы митингде саясий чакырыктар айтылды


Керманшахтагы митинг

Ирандын батышындагы Керманшах шаарында жоон топ киши көчөгө нааразылык билдирип чыгышты. Социалдык тармактарга тарап кеткен видеолор көрсөткөндөй, шаардын борбордук "Азади" аянтына чогулгандар "Диктаторго өлүм", "Эл жакырчылыктан кыйналды" деген ураандарды кыйкырып турушту. Бирок Керманшахта митингге чыккандар өлкөнүн рухий лидери Аятолла Хаменеи же президент Хасан Роуханинин атын аташкан жок.

Бир күн мурда Ирандын экинчи ири шаары Машхадда да жүздөгөн адамдар баалардын кымбатташына нааразылык билдирип чыгышкан. Тегеран провинциясынын жетекчи орун басары Мохсен Хамадани демонстрацияга чыккандарга катаал чара көрүлөөрүн эскертти.

Керманшах Ирандын эң жакыр провинциясынын баш калаасы. 29-декабрда Ирандын башка бир катар шаарларында да митингдер өткөнү кабарланды. Бирок мындай маалыматтарды көз карандысыз булактар тастыктай элек.

Иранда саясий митингдер сейрек өтөт. Бул өлкөдөгү акциялардын басымдуу бөлүгүнө айлык акы, баалар сыяктуу экономикалык маселелер себеп болот.

XS
SM
MD
LG