Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:53

Орусияда белгилүү экологду сабап кетишти


Эколог-активист Андрей Рудомаха
Эколог-активист Андрей Рудомаха

Орусиянын Краснодар шаарында эколог-активист, коомдук ишмер Андрей Рудомаханы белгисиз адамдар катуу сабап кетишти. Ооруканага жеткирилгенден кийин анын мурду сынып, баш сөөгүнө жарака кеткени белгилүү болду.

53 жаштагы Андрей Рудомаха "Түндүк Кавказ боюнча экологиялык вахта" аттуу уюмдун координатору. Ал Кара деңиздин жээгиндеги мыйзамсыз курулуштарды тасмага түшүрүп келип, 28-декабрдын кечинде экологиялык топтун бир мүчөсүнүн Краснодардагы үйүнө жакын жерде жүргөндө кол салууга кабылган.

Ал учурда Рудомаханын жанында болгон дагы бир активист Александр Савельевдин айтымында, бет капчан үч киши активисттердин баштыктары менен үч камерасын алып кетишкен.

Савельев укук коргоо органдары маалымат бербесе, кол салгандар эколог-активисттер кайда жүргөнүн билмек эмес деген оюн айтты. Бул окуя боюнча орус бийлиги үн ката элек.

XS
SM
MD
LG