Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:35

«5-каналды» Эркинбек Абдыразаков убактылуу жетектейт


«5-каналдын» башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп Эркинбек Абдыразаков дайындалды. Бул тууралуу аталган каналдан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Абдразаков 29-декабрда каналдын жамаатына жыйналыш өткөрүп, жакынкы айлардагы иши тууралуу маалымат берген.

Ал 2018-жылдын январынан тарта эфир үчүн жооптуу техникалык кызматкерлерден башка кызматкерлер белгисиз мөөнөткө эс алууга кетерин билдирген. Андан соң чечим кабыл алынмакчы.

Буга чейин Канал директору Евгения Бердникова менен шеф-редактору Дмитрий Ложников 15-декабрда жумуштан кетүү боюнча арыз жазышкан. Андан алар менен кошо жыйырма жакын журналист кызматтан кетерин билдирип, 29-декабрда учурдагы жамаат акыркы жолу каналдын обого чыгышкан.

Кыргызстандын бардык аймактарына тараган "Бешинчи каналда" 80ге жакын кызматкер бар. Алардын басымдуусу кетип жатат. Көбү жаңылыктар бөлүмүндө иштегендер. 29-декабрдан 31-декабрга чейинки берүүлөр, Жаңы жылга карата майрамдык көрсөтүү даяр. Аны техникалык кызматкерлер обого чыгарып турушат.

Жаңыдан дайындалган Эркинбек Абдыразаков РСК Банктын директорлор кеңешинин мүчөсү болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG