Жол кырсыгынан каза тапкан вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун жубайы Нора Сүйүналиева коомчулукка кайрылуу жолдоду.
Сүйүналиева маркум күйөөсү өлкөдөгү жол коопсуздугун жогорулатуу чаралары боюнча жооптуу болгонун, бирок бул планын өтөсүнө чыгара албаганын билдирген.
Ал үч адамдын өмүрүн алган кырсыктан үй-бүлө катуу жабыркап, жаңыдан жашоого көнүүгө аргасыз болуп жатканын белгилеген.
Нора Сүйүналиева Жумакадыров бараткан унаа менен кагышкан жүк ташуучу унаанын айдоочусуна козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, жакында сотко өтөрүн кабарлаган.
Бирок мыйзамдарга ылайык, аталган кырсыкка күнөөлүү деп табылса, жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылып, үч жылга чейин автоунаа айдоого тыюу салынарын белгилеген.
Буга байланыштуу жол кырсыгына күнөөлүүлөрдүн жазасын күчөтүп, аларга абактан чыккандан кийин да өмүр бою автоунаа айдоого тыюу салуу керектигин айтып, мыйзамды өзгөртүүгө чакырган.
“КамАЗды" айдаган жаш жигит он жыл жатак абакта отуруп же беш жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгып, кайрадан Кыргызстандын жолдорунда автоунаа айдоого укук алат. Мындай жол менен биз кайрадан өз жоопкерчилигин сезбеген айдоочуга ээ болобуз”, -деген Сүйүналиева тиешелүү органдарды мыйзамдарды кайрадан карап чыгууга чакырган.
38 жаштагы вице-премьер-министр Темир Жумакадыров 7-октябрь күнү Бишкек-Чалдовар жолунда жол кырсыгынан каза болгон. Жумакадыров Талас облусундагы президенттик шайлоого даярдыкты текшерүү үчүн бараткан.
Темир Жумакадыров менен кошо 30 жаштагы жардамчысы Нурлан Жамгырчиев жана 33 жаштагы айдоочусу Нурбек Муканов каза тапкан эле.(BkA)