Линктер

дүйшөмбү, 21-май, 2018 Бишкек убактысы 07:22

“Республика-Ата Журт” фракциясынан депутат Өмүрбек Бабанов депутаттык мандатын өз эрки менен тапшырат. Бул тууралуу саясатчы бүгүн билдирүү таратты.

Анда Бабанов шайлоодо жеңишке жетишпесе, саясаттан кетүү жөнүндө сөз бергенин белгилеп, саясаттан толугу менен кетерин жарыялаган.

“Мен саясаттан, анын ичинде партиялык ишмердиктен, толук бойдон кетип жатканымды жарыялайм. Мындай чечим мен үчүн жеңил болгон жок, бирок азыркы кырдаалда жападан-жалгыз туура чечим болду деп эсептейм.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештеги депутаттык мандатымды да тапшырам. Партиябыздын тизмесиндеги кийинки талапкер депутат болот. Бул адилеттүүлүктү, акыйкатты орнотууга жол ачат», - деп айтылат билдирүүдө.

Бабанов «быйылкы президенттик шайлоо демократиянын жана атаандаштыктын негизинде өткөнүн, мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин салымы чоң” болгонун да белгилеген.

Президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура үгүт учурунда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү үчүн 4-ноябрда "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш ишин козгогон.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG