Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Орусиянын Жогорку Соту Навальныйдын арызын кароодо


Орусиянын Жогорку Соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын БШКга каршы жазган арызын кароодо.

Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы 25-декабрда "Навальныйдын “Кировлес” иши боюнча соттуулугу жоюлбаганына байланыштуу ал 18-марттагы шайлоого катыша албайт" деген чечим чыгарган.

Өзүнө каршы сот өкүмдөрүнүн саясий жүйөсү бар экенин айткан саясатчы бул чечимге жооп катары шайлоого бойкот жарыялоого тарапкерлерин чакырган. Кремл болсо анын чакырыгына укуктук баа берилиши керектигин билдирген.

БШКнын чечимин Европа Биримдиги да сындап чыккан эле.

Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында болот. Шайлоого катышуу үчүн азыркы президент Владимир Путиндин талапкерлиги расмий көрсөтүлгөн.

Саясий жарышта ат салышуу ниетин теле алып баруучу Ксения Собчак, президенттин ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча өкүлү Борис Титов, Либерал-демократиялык партиянын лидери Владимир Жириновский, “Яблоко” партиясынын негиздөөчүсү Григорий Явлинский билдирген.

XS
SM
MD
LG