Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаңы жылдык майрам жана тоолуу жолдордогу кырдаалга байланыштуу күчөтүлгөн тартипке өттү.
Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда министрлик алдындагы Өрт коопсуздугу жана жарандык коопсуздук башкармалыгы, Бишкектеги куткаруу кызматы жана куткаруучуларды даярдоо борбору иштеп жатат. Өзгөчө өлкөнүн жолдорундагы коопсуздукту камсыз кылуу боюнча көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурулууда.
Акыркы күндөрдөгү калың жааган карга байланыштуу өлкөнүн негизги трассаларынын бири Бишкек-Ош жолунда унаалардын тыгыны катталды.(BkA)