Ишембиде (30-декабрда) Ирандын бир нече шаарында өкмөткө каршы нааразылык акциялары уланды. Акыркы үч күн ичинде акцияга чыккан бир нече адам кармалды. Ирандын бийлиги жарандарын «мыйзамсыз митингдерге» чыкпоого чакырууда. Буга карабай коррупцияга жана кымбатчылыкка каршы акциялар жер-жерлерде өтүп жатат. Нааразылык акциясынын жүрүшүндө саясий туткандарды бошотуу боюнча жана саясий талаптар да айтылууда.
Би-Би-Синин кабары боюнча, ишемби күнү Тегеран университетинин имаратынын жанында жана башка бир нече жерде нааразылык чаралары өттү.
Ирандын ички иштер министри Абдулреза Рахмани-Фазл жарандарды митингдерге катышпоого чакырып, алар “өздөрү үчүн жана башка жарандар үчүн көйгөй жаратып жатканын” билдирди.
Өлкөнүн бийлиги "ирандыктар арасындагы нааразылык маанайды “контрреволюционерлер” жана чет өлкөлүк агенттер жаратып жатат" деп билдирди.
30-декабрда Ирандын бир нече шаарында өкмөттү колдогон митингдер да өттү. Алар өкмөткө каршы акцияларга чейин эле пландалып, 2009-жылдагы ири нааразылык демонстрацияларын басуунун сегиз жылдыгына арналган болчу.