Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

Сабиров: Бабанов ишкерлик менен алектенет


Өмүрбек Бабанов эл менен жолугушуу учурунда. Октябрь айы, 2017-жыл
Өмүрбек Бабанов эл менен жолугушуу учурунда. Октябрь айы, 2017-жыл

Саясаттан толугу менен кетерин жарыялаган «Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов бизнес менен алектенет. Бул тууралуу Бабановдун партиялашы, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, фракция депутаттары Өмүрбек Бабановдун акыркы кадамын түшүнүү менен кабыл алды

- Менин оюмча бизнес жаатында иштейт. Мамлекетибизге жакшы иштерди кылып, экономикага салым кошот, - деди Сабиров.

Өмүрбек Бабанов ишембиде билдирүү таратып, саясаттан толугу менен кетерин жарыялаган. Бабанов буга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан өз эрки менен баш тартып, партиялык ишмердигин токтоторун шардана кылган эле.

Билдирүүсүндө өлкөгө саясий кызыкчылыгы жок жардам берерин билдирип,чет өлкөдөн инвестицияларды, акыркы технологияларды тартууга жана билим берүү тармагын өнүктүрүү, кайрымдуулук жаатында алектенүү максатын ачыкка чыгарган.

Президенттик жарышта бийлик талапкери менен негизги атаандаш болгон "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага Башкы прокуратура үгүт учурунда Оштун Он-Адыр конушунда сүйлөгөн сөзү үчүн 4-ноябрда "конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга чакырык таштоо жана улут аралык кастыкты козутуу” деген беренелердин негизинде кылмыш ишин козгогон. Ал учурда өлкө тышында жүрөт.(BkA)

XS
SM
MD
LG