Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:56

Өкмөт Жаратылышты өнүктүрүү фондун түздү


Кумтөр
Кумтөр

Кыргыз өкмөтү Жаратылышты өнүктүрүү фондун түздү. Тиешелүү токтомго премьер-министр Сапар Исаков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган фонд «Центерра Голд» компаниясы менен быйыл кол коюлган экологиялык келишимди ишке ашыруу жана өлкөдөгү айлана-чөйрөнү коргоону күчөтүү жаатында иш алпарат.

Фонд экологиялык келишимге ылайык «Центерра Голд» бөлгөн 50 миллион доллардык бир жолку төлөмү жана ар жыл сайын төлөнчү 2,7 миллион долларлык каражаттан каржыланат.

Быйыл сентябрда кыргыз өкмөтү менен Кумтөр кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд» компаниясы экологиялык келишимге кол койгон. Ага ылайык, "Центерра Голд" Кыргызстанда түзүлүп жаткан Жаратылышты өнүктүрүү фондуна бир жолку төлөм катары 50 млн доллар жана жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм 310 миң доллардан 3 миллион долларга чейин жогорулары кабарланган. (BkA)

XS
SM
MD
LG