Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

ӨКМ: Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны жок


Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны азайды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, учурда кан жолдогу "Сосновка" постунда унаалардын бардык түрүнө коюлган чектөө алынды.

Токтогул районунун "Арал" постунда жеңил унаалар тоскоолдуксуз өтүп жатат. Жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө, учурда 10 оор жүк ташуучу унаа турат.

Акыркы күндөрү кар калың түшкөнүнө байланыштуу Бишкек-Ош жолунда тыгын пайда болгон.(BkA)

XS
SM
MD
LG