Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 15:15

Британиянын ханышасы Елизавета II “Битлз” тобунун барабанчысы Ринго Старрга рыцарь наамын ыйгарды. Наам музыкадагы жетишкендиги жана салымы үчүн берилди.

Эми музыкант өз ысымына “сэр” деген сөздү кошууга укук алды.

77 жаштагы Ринго Старр “Битлз” тобунун курамында 1962-жылдан 1970-жылга чейин барабанда ойногон. Акыркы жылдары өз алдынча музыка менен алектенип келет.

Буга чейин рыцарь деген наамга легендарлуу квартеттин дагы бир мүчөсү Пол Маккартни ээ болгон эле.

Быйыл ханыша Елизавета II рыцарь наамын дагы бир музыкант Bee Gees тобунун негиздөөчүсү Барри Гиббге да ыйгарды.

XS
SM
MD
LG