Президент кол койгон Кыргызстандын 2018-жылга бюджети боюнча мыйзамга ылайык, кийинки жылдагы казынанын тартыштыгы 20 миллиард 267,1 миллион сом деп бекитилди.
Бул тууралуу Финансы министрлигинен кабарлашты. 2018-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 140 миллиард 882,2 миллион сом болсо, чыгаша 161 миллиард 149,3 миллион сомду түзөт.
Былтыркы жылдын бюджетиндеги тартыштык 21 миллиард 444 миллион сомду түзгөн эле.(BkA)