1-январда түнкүсүн өлкө аймактарында кар жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлерде бир аз кар жаашы мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5...-10, күндүз 1...6;
Таласта түнкүсүн -6...-11, күндүз 2...7;
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10;
Баткенде түнкүсүн түнкүсүн -3...-8, күндүз 5...10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...5;
Нарын облусунда түнкүсүн -19...-24, күндүз -7...-12 градуска чейин жогорулайт.
1-январда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7° суук, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болушу күтүлөт.