Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Непал: Эверестке өз алдынча чыгууга тыюу салынды


Эверест.
Эверест.

Непалда чет өлкөлүк саякатчыларга өз алдынча Эверестке чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу өлкөнүн жетекчилиги расмий түрдө билдирди.

Непалдын Маданият, туризм жана жарандык авиация министрлигинин өкүлү Махешвор Неупаненин айтымында, мындай чечим альпинисттердин коопсуздугун камсыз кылыш үчүн кабыл алынды.

Бийлик өкүлдөрү көптөгөн альпинисттер өз алдынча Эверестке чыкканы барып, кырсыкка учурашканын билдирип жатышат. Мисал катары быйыл апрель айында Эвересттин жанындагы Нупце чокусунан учуп каза болгон швейцариялык альпинист Уэли Стектин ат аталууда.

Непалда 8000 метрден бийик 14 чоку жайгашкан.

2016-жылы Эверестке 450 альпинист чыккан. Анын 190у чет өлкөлүктөр болсо, 259у жергиликтүүлөр.

XS
SM
MD
LG