Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кырызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. 30-декабрда Аламүдүн районундагы Чуңкурчак тоо лыжа базасында премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу менен сезондун ачылыш аземи өттү.

Өкмөт башчысы кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бул боюнча аткарылчу көптөгөн иштер бар экенин билдирген. Ошондой эле премьер-министр жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтердин саны көбөйүп жатканын белгилеген.

Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы иштейт. Буга чейин өкмөт тоо лыжа кластерин түзүү боюнча долбоорду сунуш кылып, бирок ал ишке аша элек.(BkA)

XS
SM
MD
LG