Линктер

ишемби, 18-август, 2018 Бишкек убактысы 19:08

Путин АКШны «прагматикалык» кызматташтыкка чакырды


Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Доналд Трампка жиберген жаңы жылдык куттуктоосунда Вашингтонду узак мөөнөттүү «прагматикалык» кызматташтыкка чакырды. Путин эки өлкө ортосундагы мамиле глобалдык туруктуулук үчүн чоң мааниге ээ экенин билдирген.

Кремлдин тарткан малыматы боюнча, Путин өз куттуктоосунда Вашингтонду дүйнөлүк чакырыктар менен коркунучтарга чогуу каршы турууга үндөгөн.

АКШ менен Орусиянын мамилеси акыркы жылдары «кансыз согуш» доорунан бери эң төмөнкү чекте турат. Буга Орусиянын Крымды аннексиялашы жана АКШда былтыр болгон президенттик шайлоого Москванын болжолдуу кийлигишүүсү боюнча дооматтар себеп болгон эле.

XS
SM
MD
LG