Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Орусия “кара тизмедеги” АКШнын сенаторуна виза бербей койду


Сенатор Жоан Шаин.
Сенатор Жоан Шаин.

Вашингтондогу Орусиянын элчилиги АКШнын сенатору Жоан Шаинге Москванын “кара тизмесинде” тургандыктан виза берилбегенин түшүндүрдү.

Андан соң республикачыл сенаторлор Рон Жонсон жана Жон Баррассо январь айында Орусияга Шаин болуп чогуу пландаган иш сапары болбой калганын билдиришти.

Сенаттагы ички коопсуздук жана мамлекеттик байланыш комитетинин жетекчиси Жонсон Орусиянын мындай чечимин “эки өлкөнүн мамилесин жакшыртууга бөгөт койчу” аракет катары баалады.

Демократиялык партиядан шайланган сенатор Шаин Орусиянын АКШдагы шайлоого кийлигишкени боюнча Орусияга каршы катаал чараларды көрүүгө үндөгөн. Ал америкалык мамлекеттик мекемелердин Касперскийдин лабораториясы чыгарган программаларды колдонуусуна тыюу салууну колдогон.

Ошондой эле сенатор "Russia Today" телеканалын АКШда “чет элдик агент” деп каттоону колдогон.

XS
SM
MD
LG