Орусиянын Каржы министрлиги федералдык министрлердин айлыктары жөнүндө маалыматты интернет сайтынан өчүрүп койгонун РБК басылмасы кабарлады.
Бир аз мурда министрлик федералдык мамлекеттик органдардагы орточо айлык боюнча маалыматтарды жарыялаган. Ага ылайык былтыр өкмөттө эң көп маянаны каржы министри Антон Силуанов алган. Анын бир айлык акысы 1,73 миллион рубль же 30 миң долларга жеткен.
Экономикалык өнүгүү министриники 1,27 миллион рубль экени көрсөтүлгөн. Өткөн жылы ноябрда бул кызматты аркалаган Алексей Улюкаевдин ордуна Максим Орешкин дайындалган. Ал эми энергетика министри Александр Новактын айлыгы 1,16 миллион рубль болгон.
Жарыяланган маалыматта Коопсуздук министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Федералдык коопсуздук кызматынын жана Тышкы чалгын кызматынын жетекчилеринин айлык акылары көрсөтүлгөн эмес.
Ошондой эле Орусиянын президентинин айлыгы дагы жашыруун бойдон калган.
РБК бул маалымат Каржы министрлигинин сайтынан өчүрүлгөнүн жана эч кандай түшүндүрмө берилбегенин жазды.