Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Жээнбеков: Кыргызстан демократиялуу өлкө экенин дүйнө жүзүнө дагы бир жолу далилдеди


Сооронбай Жээнбеков президенттик балатыда.
Сооронбай Жээнбеков президенттик балатыда.

Кыргызстан дүйнө жүзүнө демократиялуу мамлекет экенин дагы бир жолу далилдеди, өлкө өнүгүүнүн эӊ маанилүү мезгилине келди. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жаңы жылдык куттуктоосунда айтты.

Президент 2017-жыл тарыхый жыл болгонун, бул жылы экономикалык өсүш камсыз кылынганын, бир катар социалдык долбоорлор ишке ашканын жана эл аралык аренада Кыргызстандын аброю көтөрүлгөнүн белгиледи.

“Ачык-айкын, курч атаандаштык шайлоо аркылуу өлкөбүздүн жаӊы президенти шайланды. Өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, өнүгүүнүн узак мөөнөткө багытталган стратегиясын аныктап жатабыз. Биз таза коомду курууга бет алдык. Эӊ башкысы – коррупция менен чечкиндүү күрөштү улантабыз. Өлкөнүн, коомдун тазалыгы - эң оболу ар бирибиздин жүрөгүбүздүн, ниетибиздин тазалыгынан башталат. Биз баарыбыз бир максатка, бир тилекке биригип, коомубуздун ынтымагын бекемдейбиз. Улут аралык биримдикти чыӊдайбыз. Элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылабыз. Эл аралык байланыштар жаңы баскычка көтөрүлөт. Коңшуларыбыз менен салттуу достугубуз чыңдалат” деп айтылат мамлекет башчынын кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда.

Сооронбай Жээнбеков быйыл 15-октябрда өткөн президенттик шайлоону жеңип, өлкө жетекчиси болду. (RK)

XS
SM
MD
LG