1-январга караган түнү Кыргызстандын аймагында 309 ымыркай төрөлдү. Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, алдын-ала маалыматка караганда, 141 уул, 168 кыз бала жарык дүйнөгө келди.
Бишкек шаарында Жаңы жылдын алгачкы түнүндө төрөлгөн 58 ымыркайдын 31и кыз, 27си - уул. Ош облусунда 80 баланын 55и кыз, 25и уул бала.
Бишкектеги №4 төрөт үйүндө эгиз ымыркайлар төрөлдү. (RK)