Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:02

Макрон: Европа боюнча дымагыбызды кайра калыбына келтиришибиз керек


Президент Макрондун майрамдык телекайрылуусу.
Президент Макрондун майрамдык телекайрылуусу.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон өз өлкөсү Европасыз өсүп-өнүгө албасын билдирди. Президент катары алгачкы жаңы жылдык куттуктоосунда Макрон 2018-жылды Европанын келечеги үчүн күрөштөгү чечүүчү жыл катары белгиледи.

Анын айтымында, экономикалык, социалдык жана илимий дарамети Евробиримдикке эл аралык аренада Кытай жана АКШ менен теңата болууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле Макрон Франция качкындарды кабыл алууну жана аларга жардам берүүнү уланта берерин айтты.

Ички саясат жаатында президент реформаларды улантууга убада берип, француз жарандарын биримдикке чакырды.

«Дагы эгемен, биримдиктүү жана демократиялык Европа болуш үчүн Европа боюнча дымагыбызды кайра калыбына келтиришибиз керек», - деди ал.

Эммануэл Макрон Франциянын президенттигине 2017-жылдын майында 39 жашында шайланган.

XS
SM
MD
LG