Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Жаңы жылдык майрам күнү электр кубатын колдонуу чектен ашкан жок


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

"Улуттук электр станциялары" ишканасынын диспетчердик кызматы маалымдагандай, 31-декабрь күнү Кыргызстанда 56 658 млн. кВт саат электр энергиясы пайдаланылып, тиешелүү чектен ашкан жок.
Жалпысынан декабрь айында 1 807 758 млрд. кВт саат электр энергиясы пайдаланылган.

"Улуттук электр станциялары" акционердик коому Кыргызстандын энергетика системасы тиешелүү норма боюнча иштеп жатканын, майрам күндөрү жабдуулардын олуттуу бузулушу жана өзгөчө кырдаалдар катталбаганын билдирет. Маалыматка ылайык, майрам күндөрү энергетиктер күчөтүлгөн режимде күнү-түнү иштешкен.

"Улуттук энергохолдингдин" маалыматы боюнча, электр энергиясы чектен ашык көп колдонулган күн 2017-жылдын 14-декабрына туш келген. Бул күнү аба ырайы кескин өзгөргөнүнө байланыштуу электр энергиясы ашыкча колдонулуп, аймактарда электр жарыгы авариялык тартипте өчүрүлгөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG