Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Элмира Шерипованын “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган негизги кара жол ачык.
"Сосновка" жана "Арал" постторунан жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө алынды. "Учурда жолдо автоунаа тыгыны да жок", - деди Элмира Шерипова.
Декабрдын акыркы күндөрү калың жааган кардан улам Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болуп, жүк ташуучу автоунаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилген эле. (ZKo)