Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 15:51

Ирандагы элдик толкундоодон кыргызстандыктар жабыркаган жок


Тегерандагы баш-аламандык. 30-декабрь, 2017-жыл.

Ирандагы акыркы аптадагы элдик толкундоолордон жабыркагандардын ичинде кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Иранда 28-декабрдан бери өтүп жаткан өкмөткө каршы нааразылык акциялары учурунда өлгөндөрдүн саны 12ге жетти.

Башкалаа Тегерандан тышкары Санандаж, Мешхед, Илам, Хорамдарех жана Керманшах шаарларындагы демонстрациялар алгач өлкө жетекчилигинин экономикалык саясатына каршы багытталып, кийин өкмөткө карата нааразылык менен уланып, баш-аламандык да орун алууда.

Иранда жашап-иштеген кыргызстандыктардын так саны тууралуу маалымат жок. (ZKo)

XS
SM
MD
LG