Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Тамеки кеминде беш сомго кымбаттады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тамеки кымбаттады. 1-январдан тартып Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөр ишке кире баштады.

Мыйзамдын авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, тамекинин бир кутусу кеминде беш сомго кымбатташы керек. Мында эки максат коюлган:

- Биринчи максат – бюджетти толтуруу, себеби жыл сайын тартыштык болууда. Экинчиси – өспүрүмдөрдү тамекинин зыянынан коргоо, анткени кымбаттаса алардын тамеки сатып алышы анча оңой болбой калат.

Алдын-ала эсептөөлөргө караганда, акциздик салыктын көтөрүлүшү мамлекеттик бюджеттин кирешесин быйыл 938 миллион сомго көбөйтөт. Тамекиге салыктын бул түрүн 2022-жылга чейин жогорулатуу каралган. (RK)

XS
SM
MD
LG