Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Чүйдөгү кандуу кол салуу боюнча шектүү үч тургун кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдө жаңы жылдын түнүндө жасалган оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя Москва районундагы Беловодское айылында таңга жуук болгон. Беткапчан кылмышкерлер жергиликтүү тургундун үйүнө бастырып кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен.

Кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну кармалды. Алар каракчылык менен алып кеткен акча, алтын, аткан куралы жана айдап келген автомашинасы да табылганы кабарланды.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде иш козголду. (RK)

XS
SM
MD
LG