Кыргызстанда сомдун долларга карата курсу кайра жогорулай баштады. Бүгүн, Улуттук банктын расмий маалыматына караганда, 1 доллар 68 сом 84 тыйын турат. 18-декабрда 69 сом 74 тыйын болчу.
Ошентип, эки жума ичинде доллар дээрлик бир сомго арзандады.
2015-жылы ноябрда доллар Кыргызстанда эң кымбат чекке жетип, 75 сомго барган. Кийин арзандап отуруп былтыр апрелде 67 сомго чейин түшкөн, июндун аягынан бери кайра кымбаттай баштаган.
10-ноябрдан 18-декабрга чейин доллардын баасы 69 сом 75 тыйындын тегерегинде болуп турду. Бул аралыкта, бир ай ичинде, Улуттук банк он жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 50 миллионго жакын долларды сатыкка чыгарган.
14-сентябрдан 13-декабрга чейин Улуттук банкты Кубанычбек Кулматов жетектеген. Ага чейин бул мекемени үч жылдан бери башкарып келе жаткан Толкунбек Абдыгулов жазында өкмөткө кетип, 21-декабрда кайтып барды. (RK)