Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:23

Иранда өкмөткө каршы нааразылык уланууда, түндө тогуз киши мерт болду


Тегерандагы нааразылык жүрүшү. 30-декабрь, 2017-жыл.
Тегерандагы нааразылык жүрүшү. 30-декабрь, 2017-жыл.

Мамлекеттик телевидениенин билдиргенине караганда, тогуз адамдын алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Бул кандуу окуя Ирандын борбордук Исфахан провинциясындагы Кахдерижан шаарчасында орун алды.

Ал эми Нажафабад деген шаардагы кагылыштан улам коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мерт болгонун жарым-жартылай расмий саналган "Тасним" агенттиги кабарлады. Эгер маалымат ырасталса, бул башаламандык башталгандан бери Ирандын күч түзүмдөрүндөгү алгачкы жоготуу болот.

Жалпысынан Иранда өкмөткө каршы акыркы беш күндөн бери өтүп жаткан демонстрациялар учурунда өмүрү кыйылгандардын расмий эмес саны 22ге жетти.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан демонстрациялар Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда тутанган. Андан бери демонстрациялар өлкөнүн ондогон шаарчалары менен шаарларын каптады, борбор шаар Тегерандын да бир нече бөлүктөрүндө болду.

Ирандын ар кайсы шаарларынан социалдык медиага чыккан видео тасмаларда демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, полиция бекеттерине өрт коюлган учурлар тартылган.

Жүрүшкө чыккандар ошондой эле өлкөнүн диний жетекчилерине, молдолорго каршы ураан-чакырыктарды да айтып жатышат.

Айрым демонстранттар болсо өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан жогорку лидер аятолла Али Хаменейинин көчөдөгү сүрөттөрүн өрттөшкөн.

Президент Хасан Роухани 1-январда Ирандын режимине каршы элдин акыркы ондогон жылдар ичиндеги эң ири нааразылыгы катары каралып жаткан азыркы башалмандыктар өлкө кириптер болгон көйгөйлөрдү чечиш үчүн мүмкүнчүлүк экендигин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG