Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Пакистан АКШнын элчисин Тышкы иштер министрлигине чакырды


Пакистандын тышкы иштер министри Хаважа Мохаммад Асиф жана АКШнын элчиси Дэвид Хейл эки тараптуу сүйлөшүү учурунда. Исламабад, 4-ноябрь, 2017-жыл.
Пакистандын тышкы иштер министри Хаважа Мохаммад Асиф жана АКШнын элчиси Дэвид Хейл эки тараптуу сүйлөшүү учурунда. Исламабад, 4-ноябрь, 2017-жыл.

АКШнын элчиси Дэвид Хейл Пакистандын Тышкы иштер министрлигине чакырылганын Исламабаддагы элчиликтин өкүлү ырастады.

Бул окуя президент Доналд Трамп Пакистанга берилүүчү милллиарддаган доллар жардам кыскартыларын билдирип, Исламбадды экстремисттерге башпаанек берип жатканы үчүн күнөөлөгөндөн кийин болду.

Пакистан болсо президент Доналд Трамптын "Твиттер" социалдык түйүнүндө жазгандарына ачуулануу менен жооп берип, АКШнын өзүн ага “ишенбестиги” үчүн айыптады.

Трамп "Твиттердеги" барагында “АКШ Пакистанга акыркы он беш жылдан бери акылсыздык менен 33 миллиард доллардан ашуун жардам берген. Алар болсо бизге калптан башка эч нерсе берген жок, биздин лидерлерди келесоолор катары ойлоп келди. Алар биз Ооганстанда издеп жаткан террорчуларга башпаанек берип, (АКШга) кичине гана жардам көргөзүүдө. Мындан ары андай болбойт!" - деп жазган эле.

Президент Трамптын бул сөздөрүнөн кийин Ак үй Пакистанга азырынча аскердик жардам иретинде 255 миллион долларлык бөлбөй турганын ырастады.

Буга байланыштуу Пакистандын коргоо министри Хуррам Дастгир Хан анын өлкөсү “террорго каршы өнөктөш катары АКШга өз аймагын, аскер базаларын, абадан жана кургактан каттоо мүмкүнчүлүгүн бергенин, Кошмо Штаттар болсо ишенбестиктен башка эч нерсе тартуулабаганын” белгиледи.

Пакистандын тышкы иштер министри Хаважа Мохаммад Асиф болсо “Ооганстанда ийгиликке жетпегени үчүн АКШ өз адамдарын жоопко тартышы керек” деди.

АКШнын президенти Доналд Трамп Пакистанды коңшулаш Ооганстанда аракеттенген террорчуларга башпаанек берип жатканы үчүн алгач былтыр августта Түштүк Азия боюнча стратегиясын жарыялаган учурда айыптаган. (UE)

XS
SM
MD
LG