Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Көчмөндөр оюндарынын "Мыктылар китеби" ачылат


Кырчын капчыгайы.
Кырчын капчыгайы.

Кыргызстанда быйыл үчүнчү жолу өтө турган Көчмөндөр оюндарына карата “Мыктылар китеби” ачылат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

Китепке мыкты көрсөткүчтөргө жетише алган оюнчулардын ысымы жазылат.

Алгачкы Көчмөндөр оюндары 2014-жылы өткөн. Быйылкы таймаштар да Ысык-Көл облусундагы Кырчын капчыгайында сентябрь айында өтөт. Дүйнөнүн булуң-бурчунан келген спортчулар улуттук оюндардын 37 түрү боюнча таймашат.

16-декабрда премьер-министр Сапар Исаков үчүнчү дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча даярдыктарды баштоого расмий старт берген. Өкмөт башчы белгилегендей, оюндар башка өлкөлөрдүн кызыгуусун жаратууга, туристтердин өлкөгө болгон ишеним деңгээлин жогорулатууга жана анын жагымдуулугун арттырууга көмөк көрсөтөт. (RK)

XS
SM
MD
LG