Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:00

"ЗиЛ" лыжа базасы боюнча беш жылдык келишим түзүлдү


"ЗиЛ" лыжа базасы.
"ЗиЛ" лыжа базасы.

Чүйдөгү "ЗиЛ" лыжа базасынын жетекчилиги жергиликтүү тургундар жана бийлик менен мунасага келип, жаңы сезонун баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна базанын директору Акбар Рыскулов билдирди.

Анын айтымында, Үч-Эмчек айыл өкмөтү менен беш жылга келишим түзүлүп, айылдын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча бир катар долбоорлор каралды.

Кезектеги сезонду ачууга тоскоолдуктар болуп жатканын базанын жетекчилиги өткөн айда айтып чыккан. 14-декабрда айылда жергиликтүү тургундар катышкан жыйын өтүп, анда жер ижарага берилбей турган чечими кабыл алынган.

Мындай маселе ага чейинки жылдары да болуп келген.

Ысык-Ата районундагы бул база Бишкектен 35 чакырым аралыкта, деңиз деңгээлинен 1810 метр бийиктикте жайгашкан. 2010-жылы ачылган жай жыл сайын декабрдан мартка чейин иштейт. Бир сезондо ал 50-60 миң эс алуучуну тейлейт. Администрация, тамактануучу жана башка тейлөө бекеттери жайгашкан жер төрт гектар, ал эми лыжа тебүүчү аянт 90 гектардай жерди ээлейт. Жумушчулардын 40% - жергиликтүү тургундар.

30-декабрда Кырызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул күнү Аламүдүн районундагы Чуңкурчак тоо лыжа базасында премьер-министр Сапар Исаковдун катышуусу менен сезондун ачылыш аземи өттү.

Өкмөт башчы кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири экенин белгилеп, бул боюнча аткарылчу көптөгөн иштер бар экенин билдирди. Ошондой эле премьер-министр жыл сайын кышкы спортко кызыккан чет өлкөлүк туристтер көбөйүп жатканын белгиледи.

Кыргызстанда 23 тоо лыжа базасы иштейт. (RK)

XS
SM
MD
LG