Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:48

Ирандын жогорку лидери демонстрациялар үчүн “душмандарды” айыптады


Аятолла Али Хаменейи 2-январдагы жолугушууда.
Аятолла Али Хаменейи 2-январдагы жолугушууда.

Аятолла Али Хаменейи Ирандын “душмандарын” өкмөткө каршы нааразылык демонстрацияларды козутуп жатат деп күнөөлөдү:

- Душман бизге сүңгүп кирүүгө мүмкүнчүлүк алып жатат. Акыркы күндөрдөгү инциденттерди карагылачы, Ислам республикасына каршылардын баары акчасы, саясаты, куралы, чалгын кызматы менен ислам режимине, Ислам республикасына көйгөй жаратуу үчүн биригишүүдө.

Бул аятолла Али Хаменейинин Иранда нааразылык тутангандан берки алгачкы сөзү болду жана Тегерандагы бийликкке соңку окуяларга байланыштуу эл аралык кысым күчөгөн учурга туш келди.

Бул аралыкта АКШ президенти Дональд Трамп Ирандагы демонстранттарды кубаттап, "Твиттердеги" баракчасы аркылуу алар “катаал жана коррупцияланган режимге каршы аракеттенүүдө. Адамдардын тамак-ашы аз, инфляция жогору, укуктары жок. АКШ көз салууда”,- деп жазды.

Ал эми Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахрам Хашеми АКШ президентинин бул сөздөрүнө ал “өз өлкөсүндөгү үйсүз жана ач адамдарга” көңүл бурса болмок деп жооп кайтарды.

Мамлекеттик телевидениенин билдиргенине караганда, өткөн түнкү кагылыштарда тогуз адам, анын ичинен алтоо полиция бекетинен курал уурдоого аракеттенген учурда мерт болду. Бул кандуу окуя Ирандын борбордук Исфахан провинциясындагы Кахдерижан шаарчасында орун алды. Ал эми Нажафабад деген шаардагы кагылыштан улам коопсуздук күчтөрүнүн бир өкүлү мерт болгонун жарым-жартылай расмий саналган "Тасним" агенттиги кабарлады. Эгер маалымат ырасталса, бул башаламандык башталгандан бери Ирандын күч түзүмдөрүндөгү алгачкы жоготуу болот.

Жалпысынан Иранда өкмөткө каршы акыркы беш күндөн бери өтүп жаткан демонстрациялар учурунда өмүрү кыйылгандардын расмий эмес саны 22ге жетти.

Тамак-аштын, азык-түлүктүн кымбатташына, башка экономикалык көйгөйлүү маселелерге байланышкан демонстрациялар Ирандын экинчи ири шаары Мешхедде 28-декабрда тутанган. Андан бери демонстрациялар өлкөнүн ондогон шаарчалары менен шаарларын каптады, борбор шаар Тегерандын да бир нече бөлүктөрүндө болду.

Ирандын ар кайсы шаарларынан социалдык медиага чыккан видео тасмаларда демонстранттар коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, полиция бекеттерине өрт коюлган учурлар тартылган. Жүрүшкө чыккандар ошондой эле өлкөнүн диний жетекчилерине, молдолорго каршы ураан-чакырыктарды да айтып жатышат. Айрым демонстранттар болсо өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келе жаткан жогорку лидер аятолла Али Хаменейинин көчөдөгү сүрөттөрүн өрттөшкөн.

Президент Хасан Роухани 1-январда Ирандын режимине каршы элдин акыркы ондогон жылдар ичиндеги эң ири нааразылыгы катары каралып жаткан азыркы башалмандыктар өлкө кириптер болгон көйгөйлөрдү чечиш үчүн мүмкүнчүлүк экендигин билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG