Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:11

Дүйнөлүк базарда доллар арзандап, евро кымбаттады


Нью-Йорк биржасы. 14-декабрь, 2017-жыл.
Нью-Йорк биржасы. 14-декабрь, 2017-жыл.

Жаңы жылдын алгачкы иш күнүндө, Азия менен Европанын валюта базарындагы соодада АКШ доллары акыркы үч айдагы эң төмөнкү чекке түштү.

2017-жылы ичи доллардын индекси дүйнөнүн башка ири алты валютасына карата 9,8% ылдыйлады. Бул - бир жыл ичиндеги көрсөткүчтү эске алганда 2003-жылдан берки эң начар көрсөткүч.

Доллар нарксызданганы менен АКШ биржасы – Уолл Стриттин индекстери 2018-жылдагы алгачкы соодада алдыга кетери күтүлүүдө. Ал эми Европанын бирдиктүү валютасы - евро 0,3% кымбаттап, 2015-жылдын соңунан берки эң жогорку деңгээлге чыкты. Башкача айтканда, 2-январь күнкү соодада 1 евро 1.2046 долларга бааланды.

2018-жылдын алгачкы иш күнүндө Азия менен Европанын биржаларындагы соодада алтын баасы 0,7% өсүп, бир унцийи 1311 долларга сатылды. 2017-жылы алтын баасы 13% кыбаттаган. (UE)

XS
SM
MD
LG