Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:54

Молдовада президенттин ыйгарым укугу убактылуу токтотулду


Игорь Додон (ондо) Орусия президенти Владимир Путин менен КМШ саммитинде. Москва, 26-декабрь, 2017-жыл.
Игорь Додон (ондо) Орусия президенти Владимир Путин менен КМШ саммитинде. Москва, 26-декабрь, 2017-жыл.

Мындай чечимди өлкөнүн Конституциялык соту 2-январда кабыл алган. Жергиликтүү медианын кабарларына караганда, өткөн аптада президент Игорь Додон премьер-министр Павел Филип өкмөт мүчөлүгүнө сунуштаган жети адамдын талапкерлигин кайрадан четке каккан эле.

Мыйзам боюнча мындай чарага президент бир эле жолу бара алат.

Конституциялык сотко президенттин ыйгарым укугун убактылуу токтотуу өтүнүчү менен башкаруучу партиянын депутаттары кайрылган. Эми Конституциялык соттун чечимине ылайык, өкмөт мүчөлөрүн парламент төрагасы же премьер-министр дайындай алат.

Былтыр октябрда да Молдованын Конституциялык соту президент Додонду министрди дайындоо укугунун ажыраткан эле. Анда Додон коргоо министринин кызматына сунушталган талапкерди бир нече ирет бекитпей койгондо бул милдетти парламент төрагасы Андриан Канду аткарган.

Додон Конституциялык соттун 2-январдагы чечимин “мыйзамга шайкеш эмес” деп сынга алды. "Сот конституциялык орган эмес, саясий аспап катары беделин дагы бир жолу ырастады. Бул өзүн демократиялык деп ырастаган мамлекет үчүн уят жана өкүнүчтүү",- деп жазды ал "Фейсбуктагы" баракчасында.

Орусиячыл саясатчы катары белгилүү Игорь Додон менен Молдованын европачыл багытты карманган өкмөтү ортосунда ал бийликке келген 2016-жылдын ноябрынан бери эле карама-каршылык өкүм сүрүп келет. (UE)

XS
SM
MD
LG