Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:05

Трамп: санкциялар Түндүк Кореяга күчтүү таасирин тийгизе баштады


АКШ президенти Дональд Трамп бүгүн мындай пикирин "Твиттердеги" баракчасы аркылуу билдирди.

Трамптын 2-январда жазгандарына караганда, “санкциялар жана башка басымдар Түндүк Кореяга күчтүү таасирин тийгизе баштады. "Ракета киши" биринчи ирет Түштүк Корея менен сүйлөшүүнү каалап жатат. Балким бул жакшы жаңылык, балким андай эмес”.

Америкалык президенттин бул сөздөрү алдында Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын 1-январдагы жаңы жылдык кайрылуусунда өз өлкөсүнүн делегациясын Кышкы Олимпиадага жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн ишара кылган эле. Ал кайрылуусунда “Биз Кышкы Олимпиада ийгиликтүү болот деп чын ниетибизден үмүттөнөбүз. Биз ар кандай кадамдарды жасоого, анын ичинде делегациябызды жөнөтүүгө да даярбыз. Бул максатта эки Корея ыкчам жолугуша алат”,- деп айткан.

Ким Чен Ын ошондой эле кайрылуусунда Түштүк Кореяга карата риторикасын жумшартып, Пхеньян менен Сеулдун байланыштарын жакшыртуу боюнча диалогго “жол ачыктыгын”, тараптар Корей жарым аралындагы “аскерий чыңалууну басаңдатуусу, бул үчүн Түндүк да, Түштүк да аракет көрүүсү керектигин” белгилеген.

Ким Чен Ындын бул билдирүүсүнөн кийин Сеул Пхеньяга алардын февралдагы кышкы Олимпиадага катышуусун талкуулоо үчүн 9-январда жогорку деңгээлде сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштады. Түндүк Корея лидери ошондой эле 1-январдагы кайрылуусунда өлкөсү эми АКШнын материктик бөлүгүнүн кайсыл жери болбосун өзөктүк курал менен сокку урууга жөндөмдүү деп, “бул коркутуу эмес, реалдуулук” деп ырастаган. Бирок эл аралык эксперттердин көбү Пхеньян Түндүк Америкага өзөктүк дүрмөт менен жеткидей ракетаны азырынча жасай элек деген ишенимде.

Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолу атуу учурунда 23 ракетасын сынады. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду. Буга жооп кылып БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга каршы санкцияларын акыркы ирет 22-декабрда катаалдаштырды. Былтыркы жылы АКШ менен Евробиримдик да Пхеньянга каршы өз санкцияларын киргизди. (UE)

XS
SM
MD
LG