Израил армиясынын башчысы Твиттерге жазгандай, Газа тилкесинин түштүк тарабына урулган сокку ал жактан мурдараак Израилге карай учурулган ракетага жооп болду. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Израилдин ок атуусу АКШнын президенти Доналд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныгандан кийин күчөгөн.
2017-жылдын 6-декабрында Доналд Трамп АКШнын элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө буйрук берген.
Палестиналыктар буга нааразы болуп, каршылык көрсөтүү аракеттерин жанданткан.