Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

АКШ ооган армиясын чабуулдук операцияларга даярдоодо


Генерал Жозеф Вотел.
Генерал Жозеф Вотел.

АКШ куралдуу күчтөрүнүн борбордук командачылык башчысы генерал Жозеф Вотел "Associated Press" агенттигине 2-январда курган маегинде ооган аскерлери убагы келгенде согуштук аракеттерди башташ үчүн демилгени өз колуна алууга тийиш экенин айтты. Вашингтон Ооганстандын америкалык инструкторлор тарабынан үйрөтүлгөн аскерлери каршылаштарына күч көрсөтүүнү өөрчүтөт деп ишенүүдө.

1-январь күнү Ооганстандын чыгышындагы Нангархар провинциясында америкалык бир аскер окко учуп, төртөө жарадар болгон. Бул тууралуу 2-январда маалымдалды.

Нангархар провинциясы Пакистан менен чектешет. Акыркы жылдары ал жер "ИМ" тобунун чебине айланды. "Reuters" агенттиги жихадчылар 2015-жылы Ооганстандын чыгышына топтолгондон бери алар кыйла күчкө толгонун аныктаган. Аймакта жихадчылар менен талибдердин согушу катталып турат.

АКШ Ооганстандагы аскердик операцияларын 2001-жылдын октябрында баштаган. Ошондон бери 2350 аскерин жоготуп, 20 миңден ашуун киши жарадар болгон. Пентагондун эсеби боюнча, Ооганстандагы аскердик операция АКШ үчүн 680 млрд. долларга айланган.

XS
SM
MD
LG